Түркиянын белгилүү актёр, актрисалары Кыргызстанга келишти (видео)











Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаарына Түркиянын белгилүү актёр, актрисалары келишти.
Иш-чаранын алкагында түрк кино жылдыздары — белгилүү актрисалар Дамла Сөнмез, Йылдыз Чагры Атиксой, Эжем Сена Байыр жана Дуйгу Мержан, ошондой эле актёрлор Барыш Кылыч жана Аныл Алтан кызыл килем аземинин ардактуу коноктору болуп өтүштү.
Эске салсак, 4–8-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы маданий алакаларды чыңдоону жана түрк кинематографиясын таанытууну максат кылган “Түркия-Кыргызстан түрк кино күндөрү” иш-чарасы өткөрүлөт.
Бул маданий иш-чара Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги жана Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Кинематография департаменти, Түркиянын Бишкектеги элчилиги жана “Йерли Дүшүнже” коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.
Ошондой эле көрсөтүлүүчү тасмалардын режиссёрлору жана продюсерлери менен да жолугушуулар уюштурулат. Ачылыш аземинде көрүүчүлөр Түркиянын 2025-жылдагы "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн тасмасы — “Хемменин өлгөн күндөрүнүн бири” көркөм фильмине күбө болушат. Фильмдин режиссёру жана башкы каарманы Мурат Фыратоглу иш-чарага катышып, көрүүчүлөр менен баарлашат.
Көрсөтүүлөрдүн программасы:
• 4-сентябрь: “Хемменин өлгөн күндөрүнүн бири” – режиссёру Мурат Фыратоглу
• 5-сентябрь: “Сүйүү байланыштары” – режиссёру Хакан Куршун
• 6-сентябрь: “Акылдан жүрөккө” – режиссёру Өзер Фейзиоглу
• 7-сентябрь: “Хай Хак Карагөз – Хаживат” (анимациялык тасма) – режиссёру Кенан Акташын
• 8-сентябрь: “Эрке” – режиссёру Онур Үнлү
Бардык тасмалар “Ала-Тоо” кинотеатрында өтөт жана кирүү акысыз.
04.09.25


