Ооганстанда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2200дөн ашты
Ооганстандагы жер титирөөдөн 2205 адам каза болуп, жаракат алгандардын саны 3640ка жетти. Бул тууралуу жергиликтүү Ariana News порталы ооган бийлигинин өкүлүнүн орун басары Хамдулла Фитратка шилтеме берүү менен жазды.
Анын айтымында, куткаруу-издөө иштери уланууда. Ар кайсы аймактарда адамдар үчүн чатырлар тигилип, биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, керектүү буюмдар жеткирилип жатат. Эң көп Пакистан менен чектеш Кунар провинциясы жабыркаган.
Эске салсак, АКШнын Геологиялык изилдөөлөр борбору (USGS) жекшемби күнү Пакистан чек арасына жакын жайгашкан Жалалабад шаарынын 27 чакырым түндүк-чыгыш тарабында, 8 чакырым тереңдикте 6 баллдык күчү бар жер титирөө катталганын билдирген. Бир нече айыл толугу менен талкаланып калган.
Жергиликтүү бийлик бул жер титирөөнү өлкөдө акыркы жылдардагы эң күчтүү кырсыктардын бири катары баалаган.
