super.kg logo

Жоржио Арманини акыркы сапарга узатуу зыйнаты Миланда өтөт

 

Италиялык Armani мода үйүнүн негиздөөчүсү, модельер Жоржио Арманини акыркы сапарга узатуу зыйнаты Миланда 6-7-сентябрда өтөт. Бул тууралуу Armani Group компаниясы социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Арманинин керээзине ылайык, акыркы сапарга узатуу зыйнаты жабык эшик артында өтөт", - деп жазылат компаниянын билдирүүсүндө.

Айта кетсек, бүгүн, 4-сентябрда Жоржо Армани 91 жашында дүйнө салганы кабарланган.

Армани 1934-жылы 11-июлда Италиянын түндүгүндөгү Пьяченца шаарында туулган. Ал 1974-жылы алгач ирет өзүнүн аты менен коллекциясын сунуштап, 1975-жылы досу, архитектор Сержио Галлеоти менен "Армани" компаниясын негиздеген.

Компаниянын дүйнө жүзү боюнча 500дөн ашык дүкөндөрү бар. Мындан тышкары аларга эки мейманкана (Милан жана Дубайда) жана дүйнө жүзү боюнча 26 ресторан тиешелүү.

Мода дизайнери миллиардер болгон. Forbes анын байлыгын 12 миллиард доллар деп эсептейт.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: