АКШнын мурдагы президенти Байденге операция жасалды
АКШнын мурдагы президенти Жо Байденге терисинен залалдуу шишиктин клеткаларын алуу үчүн операция жасалды. Бул тууралуу NBC телеканалы Байдендин басма сөз катчысына шилтеме берүү менен жазды.
Маалыматка караганда, 82 жаштагы саясатчы теринин эң көп кездешүүчү рагынын түрлөрүн дарылоодо кеңири колдонулуучу Мос операциясынан кийин айыгууда. Бул ыкмада рактын бардык клеткалары толук алынганга чейин теринин залалдуу шишик катмарлары алынат.
Байдендин өкүлү операция качан жасалганы тууралуу так маалымат берген жок.
Эске салсак, быйыл май айында Байденге "агрессивдүү түрү бар простата безинин рагы" деген диагноз коюлган, ал сөөгүнө жайылып кеткени маалым болгон. Ал эми 2023-жылдын март айында Байденге дагы бир операция жасалып, анын натыйжасында териден залалдуу шишик алынган болчу.
