super.kg logo

Румыния Украинага аскер жөнөтүүдөн баш тартты

 

Румыния президенти Никушор Дан Antena1 телеканалына берген маегинде Румыния Украинанын аймагына аскер жөнөтпөө чечимин кабыл алганын айтты.

"Орусияга жакын жайгашкан көптөгөн өлкөлөр биз менен бирдей чечим кабыл алышты. Мүмкүн болгон тынчтык же ок атышууну токтотуу учурларында Украинага аскер жөнөтпөйбүз",- деди ал.

Ошол эле учурда Дания өлкөсү тынчтыкты камсыздоодо логистикалык жардам көрсөтүү жана өзүнүн базаларын колдонуу аркылуу катышууга ниеттенерин белгиледи. Бирок муну ишке ашыруу үчүн ок атышууну токтотуу зарыл экенин кошумчалады.

Эске салсак, кечээ, 4-сентябрда "Каалоочулар коалициясы" жыйынынан кийин Франция президенти Эммануэль Макрон 26 өлкө ок атышууну токтоткондон кийин Украинада өз аскерлерин жайгаштырууга макул болгонун жарыялады. Ал эми Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен бул өлкөлөр Украина үчүн коопсуздук кепилдигин камсыздоодо өздөрүнүн аскердик күчтөрүн пайдаланууга даяр экенин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: