Инсультту башынан кечирген Светлана Назаренко Ысык-Көлдү сагынганын айтты (видео)
Орусиянын эстрадасында "Останусь" ыры менен белгилүү болгон "Город 312" тобунун ырчысы, кыргызстандык Светлана Назаренко орусиялык алып баруучу Андрей Малаховдун "Смотрим" телеберүүсүнө инсульттан кийинки алгачкы маегин берди.
Анда ырчы COVID-19 илдетин жуктуруп, анын арты менен инсультка кабылганын билдирди. Учурда толук айыгуу жолунда экендигин айтып, сагынгандан улам Ысык-Көл түшүнө кирип жаткандыгын кошумчалады.
"Мен учурунда виндсёрфинг менен машыкчуумун да. Эми менин кыялым туфли кийип такага анан виндсёрфингдин доскасына туруу. Сүйүктүү Ысык-Көлүмө барып келгим келет. Ал жердеги суунун тазалыгы менин түшүмдөн кетпейт. Баары айтып жатышат таза суунун түшкө киргени жакшылыкка...",- деп билдирди маегинде.
Ошондой эле ырчы анын ден соолугу үчүн кабатыр болуп жаткан кыргызстандыктарга, өзгөчө агайына жана жакын курбусу Жылдыз Осмоналиевага ыраазычылык сөзүн айтты.
Малаховду бир да жакыны ырчы тууралуу жаман сөз айтпай, анын оорусунан упай топтогондор жок экендиги таң калтырды. Назаренко айланасын түшүнүктүү адамдар курчап келгенин айтып кубанды.
Светлана Назаренко Ысык-Көлдү сагынганын айтты


