super.kg logo

Дональд Трамтын уулу миллиардер болду

 

АКШ президенти Дональд Трамптын уулу, 41 жаштагы Эрик Трамп криптовалюта тармагындагы ийгилиги менен миллиардерлер катарына кошулду. Бул тууралуу Forbes басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, ал American Bitcoin аттуу криптомайнинг компаниясынын тең негиздөөчүсү жана башкы стратегиялык кызматкери болуп саналат. Компаниянын акцияларынын баасы 3-сентябрда кескин өсүп, анын Эрикке тиешелүү үлүшү 950 миллион долларга жеткен.

Белгилүү болгондой, Эрик Трамп бир нече күн мурун президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган да, толук ырастаган да эмес.

"Мен жок деп айтпайм, бирок ооба деп да айта албайм",- деген ал Nikkei Asia менен болгон маегинде.

Ал өз сөзүндө каржы жана инвестиция тармагын жакын көрөрүн белгилеген.

Буга чейин Дональд Трамптын үй-бүлөсү дагы бир криптовалюта долбоору - World Liberty Financial (WLFI) аркылуу күнүнө 5 миллиард доллар киреше тапканы тууралуу кабар тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: