Кыргызстан менен Корея кол өнөрчүлүк жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту



Кечээ, 4-сентябрда маданият министри Мирбек Мамбеталиев Чхонджу шаарынын мэри Ли Бом Сок менен салттуу кол өнөрчүлүк жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул маанилүү документ эки элдин достугун, өз ара түшүнүшүүсүн жана чыгармачылык байланыштарын жаңы деңгээлге көтөргөн кадам болуп саналат. Меморандумдун алкагында көргөзмөлөрдү, чебер-класстарды, тажрыйба алмашууларды жана адистер ортосунда түз байланыштарды кеңейтүү каралган.
Бул кызматташтык маданий алакаларды системдүү жана туруктуу нукка буруп, айрыкча салттуу кол өнөрчүлүк, искусство жана чыгармачылык тармагындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Түштүк Корея өзүнүн бай маданияты жана салттуулукту заманбап технология менен айкалыштырган өнүгүү жолу аркылуу дүйнөгө үлгү болуп келет. Кыргыз тарап бул меморандумдун негизинде мындан ары да эки өлкөнүн ортосундагы тажрыйба жана билимдер менен алмашууга, салттуу кол өнөрчүлүк жаатында биргеликтеги долбоорлорду ишке ашырууга жана кызматташтыкты чыңдоого ишеним артууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:01
2025-09-05
16:10
2025-09-05

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.