Лейлекте чек араны демаркациялоо иштери кызуу жүрүүдө










Кыргыз-Тажик чек арасын демаркациялоо иштери Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун чек ара аймагында жүрүүдө. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүк билдирди.
Лейлек району боюнча иштер учурда Жаңы-Жер айыл аймагында жана Катта-Туз жерлигинде аткарылууда. Облус башчысы Айбек Шаменовдун жетекчилигинде жергиликтүү бийлик органдары демаркация жумуштарына көмөк көрсөтүүдө.
Бул багытта Лейлек районунун акими Асылбек Жеңишбек баш болгон жумушчу топ, калкттуу конуштарга зым тартуу иштери боюнча жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, турак жай, короо жай, коммерциялык багыттагы объекттерден, бак дарактардан тазалоо иштери аткарылууда.
Учурда Лейлек районунун Жаңы-Жер жана Кең-Талаа айыл аймагында 105 объект аныкталып, тазалоо иштери толук бүтүп, зым тартууга даярдалды.
Жарандар турак жайлары, эгин талаалары аркылуу өткөн зым тартуу иштерин түшүнүү менен кабыл алууда. Лейлек районунун чек арасынын 16 чакырым аралыгына зым тартылып, 42 чакырым жол салынды.
Курулуш материалдары чек ара заставаларында ширетилип, сырдалып, чек ара сызыгына жеткирилүүдө. Бул иш аракеттер УКМКнын Чек ара кызматы баш болгон 6 мамлекеттик аскер кызматтары тарабынан аткарылууда.

