super.kg logo

21 күндө бүтөт делген Эки-Нарын көпүрөсүнүн курулушу боюнча маалымат берилди (видео)

 
Нарын районуна караган Нарын – Оруктам унаа жолунун 39-чакырымындагы көпүрөнүн курулушу күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жумуштар “Бишкек-Темир” ЖЧКсы тарабынан аткарылып жатат. Курулуш иштерине “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы да тартылган.
"Бүгүнкү күндө көпүрөнүн пайдубалы даярдалып, арматуралар орнотулуп, бетон куюу жумуштары жыйынтыкталды. Азыркы тапта темир конструкцияларды чогултуу иштери жүрүүдө",- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 13-августта Эки-Нарын айылынын Нарын шаары жана башка аймактар менен байланыштырып турган көпүрө кулаган. SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө аталган айылдын тургундары Нарын дарыясынан алып өтчү көпүрө кулаганын билдиришкен.

Жергиликтүү тургундар көпүрөгө көп жыл болгонун, эскилиги жетип авариялык абалда турганын айтышып, көпүрө мектептин курулушуна арматура жеткизүүгө бара жаткан жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда кулаганын белгилешкен.

Алар убагында тургундардын кайрылуусуна карабай жергиликтүү бийлик тарабынан көпүрөнү оңдоо иштери жүргүзүлбөй келгенин айтышкан.

Кырсыкка кабылган жүк ташуучу унаанын айдоочусун издөөгө 200гө жакын адам тартылып, 2 күндөн кийин сөөгү табылган.

Айта кетүүчү жагдай көпүрөнү 21 күндө бүтүрөөрүн Транспорт министри Абсаттар Сыргабаев 16-августта белгилеген.






Нарындагы кулаган көпүрөнүн курулушу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: