Орусиялык белгилүү актриса Аглая Тарасова баңгизат менен кармалгандыгы маалымдалды






Москванын Домодедово аэропортунда орусиялык белгилүү актриса Аглая Тарасова баңгизат менен кармалганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, окуя ал Израилден кайтып келгенден кийин болгон. Текшерүү учурунда анын электрондук тамекисинин ичинен тыюу салынган зат табылган.
Буга байланыштуу актрисага баңгизат аткезчилиги беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Жакынкы убакта сот анын баш коргоо чарасын аныктайт.
Учурда Тарасова камакта экени белгилүү болду.
Эске салсак, Аглая Тарасова белгилүү актрисалардын бири. Ал "Муз", "Холоп" кинолорунда, "Интерны" сериалында негизги каармандардын бири болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.