Светлана Назаренко: "Ооруканада эсиме келген биринчи кыргызча ыр "Сен менин" болду" (видео)
Орусиянын эстрадасында "Город 312" тобунун ырчысы катары белгилүү болгон кыргызстандык Светлана Назаренко орусиялык алып баруучу Андрей Малаховдун "Смотрим" телеберүүсүнө инсульттан кийинки алгачкы маегин берип жатып, ооруканадагы окуялары менен бөлүштү.
Ырчы оор күндөрдө ооруканада жатып, алгачкы эсине келген кыргызча ырларынын бири "Сен менин" болгонун билдирди.
"Дагы бир кызык окуя болду. Эс тутумумду текшерип, кыргызча ырларды эстеп көрөйүн дедим. Кыргызстанда жүргөндө өзүмдүн реперуарымда "Сен менин" аттуу ырды аткарып жүргөм. Мен ал чыгарманын ар бир сөзүн, ар бир нотасын эстедим. МРТга алып бара жатканда кыйкырып ырдап барам. Кардиологияга жеткенде медайым акырын болуумду суранат. Мен бир аз тынчыйм да, кайра эле ырдайм. Ооруканада бейтаптарды чогултуп ырдап берип да жүрдүм. Кийин апам ырдап жүргөн ырды кыйылдап ырдап, медкызматкерлерин бир топ ойго салдым", - деди Назаренко.
Ал ошондой эле оорканада жатып кыскача окуялар камтылган китеп жазганын билдирип, аны интернеттеги баракчалары аркылуу бөлүшүп турарын айтты. Анда адамдарды шыктандыруучу окуялар камтылганы маалым болду. Ошондой эле оорунун кесепети толук кетсе, сахнага кайтып, ал аткаруучу ырлар күтүп жатканын белгиледи.
Белгилей кетсек, "Город 312" тобунун ырчысы Светлана Назаренко COVID-19 вирусунан кийин инсультка кабылып, 2023-жылы сахнадан кеткен. Акыркы эки жыл аралыгында дарыланып, эми гана калыбына келе баштады.
Светлана Назаренко ооруканада эстеген кыргызча ыры боюнча айтты

