Баткенди өнүктүрүүгө арналган тегерек стол болуп өттү





Баткен облусунда 2023-2027-жылдарга тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашырууга арналган тегерек үстөл болуп өттү. Бул тууралуу президенттик администрация билдирди.
Ага президенттин тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова, облус башчысы Айбек Шаменов, жергиликтүү бийликтин, эл аралык өнөктөштөрдүн жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү катышты.
"Катышуучулар жасалма мөңгүлөрдү түзүү (Баткен облусунда 7 жасалма мөңгү жасалган), сууну үнөмдөөчү заманбап технологияларды колдонуу, анын ичинде облустун бардык үч районунда тамчылатып сугаруу системаларын киргизүү боюнча мисалдар менен бөлүшүштү.
Бул аймактын туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө, ошондой эле Кайыңды (алма) жана Зардалы (өрүк, жүгөрү, буудай) сыяктуу органикалык аймактарды өнүктүрүүгө, ошондой эле Баткен өрүгүн жана ак-турпак күрүчүн бренд катары алып чыгууга өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары тегерек үстөлдүн катышуучулары эл аралык маанидеги геологиялык мурастар көрсөтүлгөн Мадыген жаратылыш геопаркына барышты", - деп жазылат билдирүүдө.
Катышуучулар ошондой эле кондитердик цехке жана кулпунай өстүрүү боюнча айыл чарба кооперативине барышты.


