super.kg logo

Шоумен Дастан Махамадмурза менен жубайы экинчи наристесин күтүшүүдө

 

Шоумен, тамада Дастан Махамадмурзанын жубайы, ырчы Хадижа Камалдинова кош бойлуу экенин ачыктады. Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.

"21 жашымда жашоом өзүнчө бир керемет сапарга айланды. Мен чыгармачыл инсанмын — ар бир күнүмдү түс менен, ар бир кыялымды обон менен толтурам.

Жакында экинчи ирет эне болом. Бул мен үчүн жашоонун эң чоң белеги. Балдарым — менин сүйүүмдүн уландысы, эң чоң шедеврим жана жүрөгүмдүн обону.

Кээде жашоо бизди эрте чоңойтуп, жоопкерчилик берет. Ошол эле учурда сүйүүнү, күчтү жана бакытты тартуулайт. Мен өзүмдү бактылуу сезем, анткени чыгармачылыгым менен энелик сезимим мага чексиз дем берет", - деп жазды ырчы айым.

Айта кетсек, жубайлар учурда бир уулду тарбиялап келишет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: