Садыр Жапаров оңдоп-түзөөдөн өткөн «Улан» борборун көрүп чыкты (фото, видео)











Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында «Улан» балдардын ден соолугун чыңдоо борборун көрүп чыкты. Буга удаа Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 10 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Мамлекет башчысы жаңыланган жатакананы жана ашкананы, курулган коттедждерди кыдырып көрдү.
Өлкө башчынын администрациясы билдиргендей, 1969-жылдан бери ден соолукту чыңдоо борбору жалаң гана жай мезгилинде иштеп, өлкөнүн бардык аймактарынан балдарды кабыл алчу.
Садыр Жапаров бул борбор өз кезегинде өлкөдөгү алдыңкы лагерлердин бири болгонун белгиледи.
"Бирок мамлекеттик менчикте турган көптөгөн ден соолукту чыңдоочу жайлар сыяктуу эле, акыркы 30 жылда кароосуз калып, чыгашалуу мекемелердин бирине айланган.
Мындай объектилерди калыбына келтирүү үчүн президенттин Иш башкармалыгына караштуу атайын бөлүм - Санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объектилердин ишин башкаруу боюнча дирекция түзүлгөн. Бул дирекция “Көгүлтүр Ысык-Көл”, “Жалал-Абад”, “Жети-Өгүз”, “Ысык-Ата” жана “Улан” балдар ден-соолугун чыңдоочу борбору сыяктуу обьектилерди өткөрүп алып, четинен толугу менен оңдоп-түзөп, модернизациялоону баштады", - деп айтылды билдирүүдө.
05.09.25


