super.kg logo

Акылбек Мураталиев “Кыргызфильмдин” башкы редактору болду

 
Кыргыз эл артисти, белгилүү актёр жана медиа ишмер Акылбек Мураталиев “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын башкы редактору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, Мураталиевди эмгек жамаатка Кинематография департаментинин директору Улан Адамалиев тааныштырды.
Акылбек Мураталиев 1957-жылдын 20-августунда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Аң-Өстөн айылында төрөлгөн. 1974–1979-жылдары Москвадагы М.С. Щепкин атындагы театр окуу жайында “Драма жана кино актёру” адистиги боюнча билим алып, СССРдин Эл артисти Юрий Соломиндин мастерскаясын ийгиликтүү аяктаган.
Эмгек жолу
  • 1979–1992 – Кыргыз мамлекеттик драма театрында актёр
  • 1991–1994 – Жеке ишкерлик
  • 1994–1998 – Киностудиялык компания «Гульсаранын» директору
  • 1998–2002 – «Жети-Өгүз» коомдук бирикмесинин төрагасы
  • 2002–2003 – Бишкек шаардык Кино үйүнүн директору
  • 2003–2005 – «Ош-3000» мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директорунун орун басары
  • 2005–2007 – «Кут билим» фондунун төрагасы
  • 2007–2009 – Кинокомпания «Тазардын» башкы директору
  • 2009–2012 – Телерадиокомпания «Манас жаңырыгынын» директордун орун басары
  • 2012–2016 – КР Омбудсменинин Москва жана Москва облусундагы кеңешчиси; Поликультурдук кыргыз борборунун жетекчиси
  • 2016–2017 – Нарын музыкалдуу-драма театрынын көркөм жетекчиси
  • 2017–азыркы убакка чейин – ТРК «Манас жаңырыгы» каналында «Сырдуу дүйнө» жана «Учур маселеси» автордук программаларынын алып баруучусу
Сыйлыктары
  • Кыргыз Республикасынын Эл артисти
  • Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун мүчөсү
  • Театр ишмерлер союзунун мүчөсү
  • Орус Федерациясынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: