super.kg logo

ЖЫЛНААМА: Легендарлуу ырчы Юрий Шатунов тирүү болгондо 52ге чыкмак

 

Бүгүн, 6-сентябрда советтик жана орусиялык ырчы, “Ласковый май” тобунун солисти Юрий Шатунов туулган. Ал 1973-жылы Башкортостандын Кумертау шаарында жарык дүйнөгө келген.

Ырчы 3 жашка толгондо ата-энеси ажырашып, 8 жашында энеси жүрөк оорусунан улам каза болгон. Юрий 12 жашка чейин таежесинин колунда чоңоюп, андан кийин жетимдер үйүнө тапшырышкан. Бир жылдан кийин Оренбург шаарындагы №2 интернат-мектебине которулган.

Алгачкы хит чыгарма

Юрий Шатунов алгачкы жолу “Ласковый май” тобу менен 1986-жылы 28-декабрда интернаттын Жаңы жылдык бий кечесинде ырдап чыккан. Буга чейин музыкага көңүл кош мамиле кылганы менен, дал ушул күндөн тартып жаш талант музыкадан башка кызыкчылыктарынын баарынан алыстоого аргасыз болгон. Топко келгенге чейин жаш болсо да ар кайсы Маданият үйлөрүнөн суранып жүрүп эң алгачкы “Белые розы” ырын жарыкка алып чыккан. Көп узабай, ыр бүткүл совет элине тарап, хит ырга айланат.
Атагы алыска тарап...
Көпчүлүктүн суроолору менен Юрий Шатуновду жергиликтүү журналисттер интернатка издеп келе башташкан да, жыйынтыгында, анын жүзү популярдуу болууга жетишкен. Көп узабай 1988-жылы топтун болочок жетекчиси Андрей Разин Маданият министрлигинин уруксаты менен Юрийди Москвадагы интернаттардын бирине которот. Москвага келери менен Юрий чыгармачылыктагы жетекчиси Разиндин үйүнөн орун алган.
Ошол эле жылы суранычтар менен Казакстандын Аламаты шаарында чоң сахнага кадам таштайт. Чыгармачылыктагы жолу дал ушинтип башталган Шатунов 1988-жылы “Белые розы” альбомун профессионалдык деңгээлде жарыкка чыгарат. Бул учурда Юрий Шатунов “Ласковый май” тобунун эң көрүнүктүү солисти катары чыныгы жылдыздардын катарын толуктап, ал гана эмес, эң популярдуу болууга жетишкен. “Месяц июль”, “Метель в чужом городе", “Звёздная ночь”, “Розовый вечер” альбомдору менен бүтүндөй совет элинин жүрөгүн багындырган “Ласковый май” тобу, ал учурда жетекчиси Разиндин айтымында, бардыгы болуп 20 миллион долларга жакын акча табышкан.
Ырчынын тандоосу
1992-жылы Юрий Шатунов “Ласковый май” тобунан кетет. Юрийдин кетиши менен топ дагы таркайт. Топтон кетүүсүнүн себебин Юрий жеке ырчы катары өз карьерасын өстүрүүнү каалагандыгы жана Разиндин ашыкча башкарып алгандыгы менен байланыштырган. Жаңыдан өз алдынча кадам таштай баштаган Юрийге Алла Пугачёвадан чогуу иштешүү сунушу келип түшөт. Бирок ырчы бирөөлөргө көз каранды болууну каалабаганын айтып, бул сунуштан баш тарткан.
Турмуш сыноосу...
Юрий “Ласковый май” тобундагы достору Игорь Игошин менен Максим Сухомлиновдон түбөлүккө айрылган соң бир жылга жакын чыгармачылыктан алыстап кеткен эле. Досторунун бири Игорь 4-кабаттан өзү секирип өлгөн болсо, эң жакын досу, топтун дагы бир солисти Максим Сухомлиновду Юранын көз алдында үйүнүн короосунан атып кетишкени ырчыга катуу сокку болгон. Турмуштун мындай сынагынан кийин ырчы бул убакыт аралыгында машина сатуу менен алектенип жүрүп, кийин кайрадан чоң сахнага кайтып келген.
Сахнага кайра кайтуу
1994-жылы Орусиядагы эң ири үн жаздыруучу студиялардын бири ырчы мырзыга кызматташууну сунуш кылган. Ошентип ал студия менен кызматташа баштагандан кийин бир нече клиптери, ырлары жарык көргөн. Ырчынын кайрадан жылдызы жанып, бир нече альбомдорду жазганга жетишкен.
Ырчы 48 жашында 2022-жылы 23-июнга караган түнү "Тез жардам" унаасында каза тапкан. Шатуновдун өлүмүнүн себеби жүрөк оорусу болгону маалымдалган.

6-сентябрга карата жылнаама.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: