Өкмөт башчы суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Өкмөт башчы суу ресурстары – өлкөнүн негизи жана стратегиялык байлыгы экенин белгилеп, бул тармакта иштеп жаткан адистердин эмгегин жогору баалады.
"Аларды туура жана натыйжалуу пайдалануу айыл чарбасынын, энергетиканын, өнөр жайдын туруктуу өнүгүүсүнө, экологиялык коопсуздукка жана ар бир жарандын бакубат жашоосуна түздөн-түз таасир этет.
Сиздер ушул баа жеткис улуттук байлыкты башкарууга – өтө маанилүү жана жоопкерчиликтүү ишке өзүңүздөрдүн эмгегиңиздерди арнап келесиздер. Сиздердин ишиңиздер – өлкөбүздүн туруктуулугунун жана гүлдөп-өнүгүүсүнүн башкы тиреги. Сиздердин кесипкөйлүк, жоопкерчилик жана берилгендик менен калктуу конуштарга таза суу үзгүлтүксүз жеткирүү, айыл чарба жерлерин сугаруу, гидроэлектростанциялардын иштеши, тоолорубуздагы назик экосистемасынын сакталышы камсыздалууда.
Министрлер кабинети сиздердин мамлекеттик суу саясатын ишке ашырууга, инфратүзүмдү жаңылоого жана инновациялык технологияларды киргизүүгө кошкон салымыңыздарды жогору баалайт. Азыркы климаттык чакырыктар шартында суу коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сиздердин туура жана тең салмактуу чечимдерди кабыл алуу жөндөмүңүздөр абдан маанилүү.
Сиздерге бекем ден соолук, түгөнгүс энергия, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана жоопкерчиликтүү жана ардактуу милдетиңиздерде жаңы ийгиликтерди каалайм. Сиздердин ишмердүүлүгүңүздөр мындан ары да Кыргызстандын экономикалык потенциалын бекемдөөгө жана жашоонун сапатын жакшыртууга кызмат кыла берсин!" - деди өкмөт башчысы.


