Аксакалдар алкыш айтып... Президент Балыкчыдагы автобекетти көрүп чыкты (видео)








Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-сентябрда Балыкчы шаарындагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки автобекетти кыдырып көрдү.
Өлкө башчынын администрациясы билдиргендей, автобекет 1970-жылдары курулган. Узак жылдар бою ал жеке менчикте болгон.
2025-жылдын апрель айында автовокзал Балыкчы шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алынган. Кийинчерээк аны толук реконструкциялоо башталган. Бардык бөлмөлөр оңдоп-түзөөдөн өттү. Автобекете жүргүнчүлөр үчүн мейманкана жана кызматкерлер үчүн жатакана иштейт. Айланасы көрктөндүрүлгөн.
Мамлекет башчысы заманбап күтүү залын, айдоочулар жана тейлөө кызматкерлери үчүн бөлмөлөрдү, диспетчердик бөлүмдү көрүп чыкты.
Бул жерде Жапаров жергиликтүү тургундар менен баарлашып, алардын сунуш-пикирлерин, анын ичинде бала бакча, мечит жана башка социалдык объектилерди куруу маселелери боюнча кайрылууларын укту. Муну менен катар президентке жасалып жаткан иштер боюнча аксакалдардан алкыштар айтылды.
Андан ары Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев президентке шаарды көрктөндүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Анын ичинде шаарга кире бериштеги арканы жаңылоо жана айланма жолдогу тыгындарды жоюу үчүн балык базарын көчүрүү бар. Бул максатта сатуучулар үчүн да, сатып алуучулар үчүн да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн заманбап базар курулат.
06.09.25
