ЭЛДИК КАБАР: "Аюулар айыл аралап келе баштады" дейт аксылык окурман
Порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Аксы районундагы Кара-Камыш айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылынын тургуну кайрылып, аюу калктуу конушту аралап жүргөнүн билдирди.
Окурман жөнөткөн видеодон аюу даракка чыгып алганын көрүүгө болот.
"Кара-Суу айылында аюулар айылды аралап келе баштады. Ал үйлөрдүн жанындагы талдын башына чыгып кеткен", - дейт жергиликтүү тургун.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
06.09.25



