Президент: "Беш жылдын бери коррупцияны тазалай албай жатабыз" (видео)
Президент Садыр Жапаров коррупцияны түп тамырынан бери жок кылуу мүмкүн болбой жатканын билдирди. Бул тууралуу өлкө башчысы Балыкчыдагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн автобекетти кыдырууга барганда айтты.
Ал жерде жергиликтүү тургун оңдоп-түзөөдөн өткөн бала бакчаны ачууну суранды. Жапаров аксакалдын кайрылуусуна жооп берип, аталган бакчаны оңдоого 90 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөнүн, бирок анын жарымы максаттуу пайдаланылбай калганын билдирди.
"Жогору жактагы коррупцияны жок кылдык. Ортодон ылдый карай жоголбой жатат. Мына (ред.: Балыкчы шаарында жайгашкан) бала бакчаны мисал кылайын. Атайын өз көзүм менен көрүп, анан тапшырма берейин деп келдим. 90 миллион сомго оңдоп-түзөөдөн өткөрбөй эле, жаңы салып койсо болот эле.
Уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү бизге жеңил болду. Бир жылда тазалап койдук. Беш жылдан бери коррупцияны тазалай албай жатабыз", - деди президент.
Буга удаа президент бир айыл өкмөт башчысы 3 жылда бир сейил бактан акча кымырып алганын айтып, бирок ал кайсы аймакта экенин ачыктаган жок.
06.09.25


