super.kg logo
  Саясат  

Камчыбек Ташиев Кочкордогу аткаминерге ачууланды (видео)

 
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 6-сентябрда Кочкор районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында райондук оорукананын абалы менен таанышты.
Ал жерде УКМК башчысы эскилиги жеткен бир катар имараттарды бузуп, 4 кабаттан турган эки имарат курууну жана оорукананын айланасын жашылдандырууну жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырды.
Ташиев жумушту эртерээк баштоону талап кылып, УКМКнын аймактагы башчысына кайрылган. Бир саамга кызматкерди таппай калган төрага ачууланып, анын телефонун ыргытып жиберди.
"Менин жанымда турганда телефон чукубагыла. Силердин ишти мен жасашым керекпи? Курулуш иштери тезирээк башталышы керек. Жакшыраак подрядчы тапкыла. Анан "подрядчы келбей койду, кылбай койду, качып кетти" десеңер башың кетет", - деди УКМК башчысы.





06.09.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: