Бетине тээп... Бишкекте мушташ катталды (видео)




Бишкекте эркек кишини шериктери сабап кетишти.
Интернет желесинде тараган видеодо Hyundai үлгүсүндөгү унаадан мас абалындагы жарандар ортосунда алгач пикир келишпестик орун алып, аягында бири экинчисин бетине тепкен. Ал алган тепкиден жерге жатып калган. Кийин көп кабаттуу үйдүн тургундары чыгып, жабырлануучуга жардам беришти.
Күбөлөрдүн айтымында окуя Токтоналиев көчөсүндөгү "Жаштар кварталы" турак-жай комплексинин аймагында орун алды.
Ал эми Октябрь райондук милициясы аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козгоду. Натыйжада 1985-жылы туулган С.С., 1988-жылы туулган Л.Ю. аттуу жарандар кармалышты.
Мындан тышкары, 1989-жылы туулган Р.Б. аттуу жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлдү.
Жабырланычууга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө уланууда.
Милиция мушташкандарды кармады


