Оштун мэри курулуш компаниялары бузган жолдорду өздөрү оңдошу керектигин билдирди




Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Курманжан датка көчөсүндө рейддик кыдыруу учурунда көп кабаттуу үйлөрдү куруп жаткан бир катар курулуш компаниялары айланасындагы бузган жолдорун оңдоп, асфальт төшөп берүү боюнча ээлери менен сүйлөшүүнү тапшырды. Бул тууралуу кечээ, 7-сентябрда мэрия билдирди.
Анткени алар курулуш иштерин жүргүзүүдө коммуникациялык тутумдарды алып өтүүдө, курулуш калдыктарын оор жүк ташуучу унаалары менен ташып чыгууда жолду бузуп талкалашкан. Андыктан пайда таап, жалпы элдин жолун пайдаланып жаткан соң бузуп таштап койбой, оңдоп берүүгө милдеттүү экенин мэр эскертти.
"Учурда бир гана “Аманат сити” курулуш компаниясы өз эсебинен көп кабаттуу үйдүн курулушун жүргүзүп жаткан жердеги Грибоедов көчөсүн толук өз эсебинен жасап жатат. Бул сыяктуу эле Асранкулов көчөсүндөгү “Эко Хаус, Лермонтов көчөсүндөгү “Сулайман Групп”, Алымкулов көчөсүндөгү “Модерн Стиль” жана “Байкал” курулуш компаниялары бир топ көп кабаттуу турак жайларды куруп жатышат. Алар да бузган жолдорун жасап бериши керек",- деди мэр.
Оштун мэри курулуш компаниялар боюнча
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:12
2025-09-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.