Трамп менен Кытайдын төрагасы Түштүк Кореяда жолугушу мүмкүн
АКШнын президенти Дональд Трамп жана анын кеңешчилери октябрь айында Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун соода министрлеринин саммитине катышуу үчүн Түштүк Кореяга барууга даярдык көрүшүүдө. Саммит октябрь айынын аягында же ноябрдын башында Кёнджу шаарында өтө тургандыгын чет элдик басылмалар жазышууда.
Бул саммит Трамп менен Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин жолугушуусу үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк катары каралууда. Кызмат адамдары эки тараптуу жолугушуулар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бирок так планы азырынча жок экенин билдиришти.
Өткөн айда телефондук сүйлөшүүдө Си Цзиньпин Трамп менен анын аялын Кытайга чакырып, АКШга да чакыруу алган.
Ошондой эле Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен дагы жолугушуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат, бирок анын катышуусу такталган жок.
