super.kg logo

"Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Бишкек филиалында коррупциялык схемага бөгөт коюлду (видео)

 

Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек шаардык филиалында туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Буга чейин айрым ЖМКларда жөнөкөй жарандар кезекке туруу үчүн бир нече саат күтүүгө аргасыз болуп жаткандыгы маалымдалган. Бул маселени жөнгө салуу боюнча чечкиндүү аракеттер болбогону үчүн коомчулукта ар түрдүү нааразычылыктар жана сын пикирлерлер жаралган.

УКМК тарабынан комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында "Кадастр" мамлекеттик иш канасынын каттоо бөлүмүнүн мамлекеттик каттоочулары М.Ф. жана К.В. жеке материалдык пайда көрүү максатында, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кыймылсыз мүлктү каттоодо жана кайра каттоо боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштургандыгы аныкталды. Кардарларды белгиленген электрондук кезектен тышкары тейлөө боюнча системдүү негизде иш алып барышкан. Көрсөтүлгөн кызматы үчүн 2000 сомдон 10 миң сомго чейинки өлчөмдө акчалай сыйлыктарды алышкан.

3-сентябрь мамлекеттик каттоочулар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.






"Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Бишкек филиалында коррупциялык схеманы аныктоо учурунан

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: