super.kg logo

Ошто Ала-Тоо породасындагы кыргыз койлорунун эл аралык көргөзмөсү өттү

 
Кечээ, 7-сентябрда Ош облусунда эт-май багытындагы жаңы Ала-Тоо породасындагы кыргыз койлорунун эл аралык көргөзмөсү болуп өттү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүк билдирди.
Иш-чарага облус башчысы Элчибек Жантаев, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү, Кара-Суу районунун акими, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Азербайжандан келген коноктор жана Кыргызстандын жети дубанынан фермерлер катышты.
Облус жетекчиси көргөзмөгө коюлган койлор менен таанышып чыккандан кийин жалпы катышуучуларга кайрылып, жаңы породанын маанилүүлүгүн белгиледи.
“Бүгүнкү күндө биздин агрардык тармактын алдыга жылуусуна көмөк көрсөтүп жаткан эң маанилүү инновациялардын бири - бул Ала-Тоо койлорунун жаңы породасы. Бул жетишкендик Кыргызстандын айыл чарбасынын келечеги үчүн абдан маанилүү. Жаңы порода эт жана майдын сапаттуу өндүрүшүн камсыз кылып, климаттык шарттарга ыңгайлуулугу менен биздин агрардык секторду жаңы деңгээлге чыгарат”,- деди Жантаев.
Көргөзмө Ала-Тоо породасындагы койлордун таймашы менен улантылып, мыктыларга баалуу сыйлыктар тапшырылды.
Түштүк аймагында чыгарылган эт-май багытындагы Ала-Тоо породасы кыргыз койлорун гиссар кочкорлору менен аргындаштыруу жолу менен алынган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: