Трамп Европа лидерлеринин АКШга сапары жана Путин менен сүйлөшүүсү тууралуу жарыялады
АКШ президенти Дональд Трамп Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштук абалга "нааразы" экенин билдирди. Бул тууралуу ал жекшемби күнү, 7-сентябрда журналисттерге Нью-Йоркто өткөн US Open финалынан кийин айтты.
Анын сөзүнүн үзүндүлөрү Ак үйдүн X социалдык тармагындагы Rapid Response 47 расмий аккаунтунда жарыяланды. Муну менен бирге Трамп согуш жакында аяктаарына болгон ишенимин дагы бир жолу билдирди.
"Орусия жана Украина менен болгон кырдаалды биз чечебиз. Мен муну жасайбыз деп ишенем",- деп белгиледи ал.
Трамп ошондой эле бир нече европалык өлкөлөрдүн лидерлери Москва менен Киевдин ортосундагы жаңжалды жөнгө салуу жолдорун талкуулоо үчүн жуманын башында Вашингтонго барышарын билдирди.
"Айрым европалык лидерлер дүйшөмбү же шейшемби күнү биздин өлкөгө келишет",- деди Трамп.
Саясатчылардын кимиси АКШга келерин ал тактаган жок. Президент жакында Владимир Путин менен сүйлөшүүнү пландап жатканын кошумчалады.
Ошол эле учурда АКШнын каржы министри Скотт Бессент АКШ Орусиянын экономикасын талкалоо үчүн Орусиядан мунай сатып алган өлкөлөргө каршы кошумча санкцияларды киргизүү үчүн европалык өнөктөштөр менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Өткөн жумада Ак үйдүн башчысы эгер Путин Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө кызматташуусун токтотпосо, анын администрациясы Москвага каршы чараларды көрүшү мүмкүн экенин айткан.
