Трамп Газа боюнча келишимге жакын арада жетишүү күтүлүп жатканын айтты
АКШнын президенти Дональд Трамп Газа тилкесиндеги жаңжалды жөнгө салуу боюнча келишимге жакынкы аралыкта жетишилет деп эсептейт.
Ал жекшемби күнү Вашингтондун жанындагы Эндрюс аскердик базасында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, "мен Газа боюнча жакын арада келишимге жетишебиз деп ишенем" деди.
Ак үйдүн башчысынын айтымында, Газанын айланасындагы кырдаал ал Жакынкы Чыгыш, Израил жана дүйнөнүн кызыкчылыгы үчүн чечүүнү каалаган тозок көйгөйү.
"Биз абдан жакшы болушу мүмкүн болгон чечимдин үстүндө иштеп жатабыз. Бул тууралуу жакында угасыңар. Биз буга чекит коюуга, барымтадагыларды кайтарууга аракет кылып жатабыз. Бизде абдан жакшы талкуулар болду",- деп ишендирди америкалык президент.
Бирок Трамп аман калган барымтачылар, ошондой эле каза болгон туткундардын денелери кайтарылып берилет деген үмүтүн билдирип, конкреттүү маалымат берген жок.
"220 адам жана 38дей өлүк дейли",- деп түшүндүрдү ал.
Буга чейин палестиналык ХАМАС кыймылы Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу жана ал жактагы барымтадагылардын баарын бошотуу боюнча сүйлөшүүлөргө токтоосуз түрдө кайтууга даяр экенин жарыялаган.
