super.kg logo

Интернетте мемге айланган окуя эсиңиздеби? Кристиндин ажырашууга арыз жазганы айтылды

 

Интернет желесинде Astronomer IT компаниясынын башкы директору Энди Байрон менен компаниянын кадрлар бөлүмүнүн башчысы Кристин Каботтун кучакташып турушканы тартылган видео тарагандан кийин окуя дүйнөнүн көңүл чордонунда калган.

Чет элдик басылмалар Кристин Кабот күйөөсү Эндрю Кабот менен ажырашууга арыз бергенин жазып чыгышты. Ал арызды 13-августта АКШнын Нью-Гэмпшир штатындагы Портсмут шаарынын сотуна жазганы белгилүү болду. Жубайлардын никеге турушканына төрт жыл болгон.

АКШнын Бостондогу Жиллет стадионундагы Coldplay тобунун концертинде болгон окуянын чоо-жайы.

16-июлдагы концертте видеокамера күтүлбөгөн жерден Энди Байрон менен Кристин Каботты көрсөткөн. Алар аталган топтун солисти Крис Мартин кадрга көңүл буруп, "оо-о, буларды карачы" деп кайрылгандан кийин гана видеого тартылып жатышканын байкашкан. Дароо өздөрүн алып качышкан. Байрон шеригин кучактаганын токтотуп, жашынууга аракет кылса, ал эми аял уялганынан колу менен бетин жаап, артты караган.

Алардын чоң экрандан көрсөтүлгөн кылыгы бир нече сааттын ичинде интернет желесине тарап, миллиондогон көрүүлөрдү топтогон. Бирок аны менен бирге чуу жараткан окуя болуп калды.

Astronomer компаниясынын башкы директору Энди Байрон кызматтынан алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: