super.kg logo

Министрдин убадасы аткарылабы? Нарындагы көпүрөнүн курулушу боюнча маалымат берилди

 

Бүгүн, 8-сентябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Нарын – Оруктам унаа жолунун 39-чакырымындагы көпүрөнүн курулушу күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатканын билдирди.

Министрлик жеринде темир конструкцияларды чогултуу иштери бүтүп, монтаждоо жумуштары башталганын белгиледи.

Буга чейин көпүрөнүн пайдубалы даярдалып, арматуралар орнотулуп, бетон куюу жумуштары жыйынтыкталып, темир конструкцияларды чогултуу иштери жүрүп жатканы маалымдалган.

Эске салсак, 16-августа транспорт министри Абсаттар Сыргабаев Эки-Нарын айылынын тургундары менен болгон жолугушууда көпүрө 21 күндө толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилерин айткан. Министрдин убадасынан бери 23 күн өттү.

Нарын районундагы Эки-Нарын айылын облус борбору жана коңшу айылдар менен байланыштырып турган көпүрө 13-августта Нарын дарыясына кулаганы белгилүү болгон. Кырсык жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда болгон. Айдоочунун сөөгү 15-августта табылган.

Жергиликтүү тургундар көпүрөнүн урашына өз убагында чара көрбөй келди деген жүйө менен жергиликтүү бийликти айыптап келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: