Орусияда 5-кабаттагы батирдин ичине жылан кирип кеткен (видео)
Орусиянын Владимир шаарында 5-кабаттагы батирге уулуу жылан кирип кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Батирдин ичиндеги жыланды биринчилерден болуп үй мышыгы байкаган. Ээси да корккон, бирок ал жыланды кире беришке чыгарып, куткаруучуларды чакырган.
Эксперттердин айтымында, 5-кабаттагы батирде мындай көрүнүш өтө сейрек кездешет. Жылан канализация же вентиляция аркылуу кирип кетиши мүмкүн. Жылан шаардын сыртындагы жаратылышка коё берилген.
Орусияда 5-кабаттагы батирдин ичине жылан кирип кеткен
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:20
2025-09-08
11:41
2025-09-08
10:55
2025-09-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.