Трамптын администрациясы Массачусетс штатында жаңы миграциялык операция баштады
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Массачусетс штатында мыйзамсыз жол менен өлкөгө кирген жана кылмыш жасаган мигранттарды депортациялоо боюнча жаңы операция баштаганы кабарланды.
Ички коопсуздук министрлиги бул "Патриот 2.0" деп аталган операция май айында башталган иш-чаранын уландысы экенин билдирди.
Билдирүүдө штаттын борбору Бостондун мэри Мишель Вунун саясаты коомдук коопсуздукка коркунуч келтирет деп сынга алынды.
Ал эми Ву өз билдирүүсүндө, операция шаардык ресурстар менен колдоого алынбай турганын билдирди.
"ICE жана администрациянын аракеттери коомдук коопсуздукка эмес, саясий шоуго байланыштуу. Бул саясий күч көрсөтүү жана коркутуу аракети",- деди Массачусетс штатынын губернатору Маура Хили да MSNBCге берген маегинде.
АКШнын Юстиция министрлиги Бостондун "баш калкалоочу шаар" саясатына байланыштуу Вунун администрациясына каршы доо арыз менен кайрылган. Ички коопсуздук министри Кристи Ноем айдын башында ICEдин өлкөнүн ири шаарларындагы операцияларын кеңейтүүнү пландап жатканын тастыктаган.
АКШнын Лос-Анджелес шаарында Иммиграция жана Бажы кызматы (ICE) тарабынан кармалган мыйзамсыз мигранттарды колдоо максатында уюштурулган акцияларда көптөгөн адамдар кармалып, мезгил-мезгили менен коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын ортосунда кагылышуулар орун алган.
Трамптын администрациясы абалды көзөмөлгө алуу үчүн Улуттук гвардияны жана деңиз аскерлерин жөнөткөн.
