Садыр Жапаров Нарын жана Казарман аба майдандарын ачты
Бүгүн, 8-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Нарын облусуна иш сапары менен барды. Анда президент Нарын аба майданынын ачылышына катышса, Казарман аэропортунун ачылышына онлай старт берди.
Мамлекет башчысы эки аэропорт тең "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын каражатына оңдолгонун белгиледи.
"Компания ири масштабдагы инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга жалпы 8 миллиард 175 миллион сом каражат бөлдү. Жүргүнчүлөрдү тейлөө инфратүзүмүн жакшыртуу максатында атайын техникалар жана жабдуулар 3 миллиард 356 миллион сомго алынды. Бул биздин авиация тармагыбыздын өз алдынча ийгиликтүү иш алпарып жаткандыгын көрсөтүп турат",- деди Жапаров.
Президент ошондой эле "Кыргызстан аэропорттору" ишканасы Bombardier Dash 8 учагын сатып алуу үчүн 2 миллиард 385 миллион сом бөлгөнүн кошумчалап, кийинки жылга дагы эки учак алынар билдирди.
08.09.25.

