super.kg logo

Бишкек мэриясында Кореядан келген делегация менен жолугушуу болду 

 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен Кореянын жылуулук берүү корпорациясынын (Korea District Heating Corporation) башкы директору Чон Ён Ки баштаган делегациянын жолугушуусу өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун максаты энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде борборлоштурулган жылуулук системасын өнүктүрүүнү талкуулоо болду.

Ошондой эле жолугушууда отун-энергетика комплекси департаменти менен аталган корпорациянын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Маалым болгондой, меморандум 6 багыт боюнча ишке ашырылат, анын ичинде жогорку технологияларды колдонуу менен жылытуу системасын модернизациялоонун стратегиялык планын иштеп чыгуу, көмүр кычкыл газын азайтуу, тарифтик план саясатын иштеп чыгуу.

Жолугушуунун соңунда тараптар Бишкекке болгон иш сапары жана конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы жемиштүү кызматташууга үмүт артышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: