Жапаров Нарындагы социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун курулушу менен таанышты







Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарын өнүктүрүүгө жана шаардыктардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган бир катар социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын линиясы боюнча Нарында салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун көрүп чыкты. Долбоордо 216 батирден турган тогуз кабаттуу төрт блоктун курулушу каралган, ошондой эле карамагындагы аймакта унаа токтотуучу жай, балдар аянтчасы жана спорттук воркаут-зона жабдылат. Жапаров региондун жашоочулары үчүн батирлердин санын көбөйтүүнү тапшырды.
Андан соң президент инновациялык-креативдик борбордун, ошондой эле бир катар маданий жана социалдык инфраструктура объектилеринин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Жапаровго борбор китепкана, музей, инновациялык теле жана аудиостудияларды, киноконцерттик залды, коворкинг жана IT-зоналарды, ошондой эле соода аянтын бириктире турганы жөнүндө айтып берди. Ага катар балдардын көңүл ачуу борбору жана муниципалдык мончо курулууда.
Мындан тышкары УКМК төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев УКМКнын Чек ара кызматынын Тайлак Баатыр атындагы Нарын облусу боюнча башкармалыгынын жер тилкелери жөнүндө маалымат берди.
Ошондой эле 12,11 гектар жер тилкеси курулуштары менен кошо Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди. Анын ордуна башкармалыкка Нарын районунан 12,3 гектар жер тилкеси берилип, жерди трансформациялоо боюнча документтер даярдалууда.
Бошотулган жер тилкелерине турак жай, бала бакчаларды жана саламаттыкты сактоо объектилерин куруу пландаштырылууда.
Объектилерди кыдырып чыккан соң Жапаров бардык белгиленген долбоорлорду өз убагында ишке ашыруунун жана сапаттын заманбап стандарттарын сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.


