super.kg logo

"Миңдеп курулуш керек болчу". Президент Нарында ипотекалык үйлөрдүн санын көбөйтүүнү тапшырды

 

Кечээ, 8-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Нарын шаарына болгон иш сапарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынып жаткан көп кабаттуу батирлердин курулуш иштери менен таанышты.

Президент Нарын шаарында курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдүн саны аз экенин белгилеп, көбөйтүүнү тапшырды.

"Нарын менен Таласта аябай аз болуп жатат. Миңдеп курулуш керек болчу",- деди Жапаров.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев МИКке батир куруу үчүн 8 гектар жер бөлүнүп жатканын айтты. Ал ошондой эле учурда салынып жаткан батирлердин курулушу бетон маселесинен улам жай жүрүп келгенин, ал маселе эми чечилгенин белгиледи. Туманбаев быйыл жыл аягына чейин 216 батир тапшырыларын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: