super.kg logo

"26 жылдан бери туулган күнүмдө концерт берем". Кыргыз эл артисти Сыймык Бейшекеев 51 жашка чыкты 

 

Кыргыз эл артисти, ырчы жана обончу Сыймык Бейшекеев бүгүн, 9-сентябрда 51 жашка чыкты. Ал жылдагыдай эле бул жакшылыгында эл менен бирге болуп, Кыргыз улуттук филармониясында чоң концерттик программа тартуулайт. Ырчы менен байланышканыбызда концертине кызуу даярданып жатканын билдирди.

- Саламатсызбы, туулган күнүңүз менен куттуктайбыз! Бул жылы туулган күнүңүздү адаттагыдай эле концерт менен өткөрөт экенсиз. Эмне үчүн жыл сайын туулган күнүңүздө концерт бересиз? Бул салтка айланып калды окшойт...

- Кандайсыңар? Куттуктоо үчүн чоң рахмат! Эми биз элдин адамы болгондуктан ар бир жакшылыгыбыз менен бөлүшкүбүз келет. Негизи эле концерттер майрамда берилет эмеспи, а туулган күн бул - майрам. Жеке майрамымды эл менен өткөргүм келет. Мага жагат. Эстеп көрсөм, 1999-жылдан бери туулган күнүмдү сахнада өткөрөт экенмин, 26 жыл болуптур. Ушундай кубанычтуу күндө жакындарым, санаалаштарым, шакирттерим жана элимди чогултуп, чыгармаларды тартуулаган өзгөчө сезим.

- Сиздин эсиңизде калган же жакшы көргөн белегиңиз ?

- Мен үчүн ар бир белек баалуу. Мага түрдүү белектерди беришкен, темир тулпарга чейин. Белекти бөлгөн Кудайга да жакпай калат го. Ар бирин жакшы көрөм. Мага эң башкысы чын жүрөктөн жасалганы болуп саналат. Туулган күнүмдү унутпай жакшы каалоо-тилек айтып, узун өмүр каалап койсо бул мен үчүн эң баалуу болуп саналат. Чыгармачыл инсан болгондон кийин, жакшы сөздөр жаныңа жагат. Элдин колдоосу бул кудайдан келген белек.

- Бул жыл сиз үчүн эмнеси менен эсте калды?

- Ар жыл ар башкача жана өзгөчө. Быйылкы жылым дагы кызыктуу өттү. Бир күн экинчисине окшошпойт. Чет элдерге, билесиздер, жумушка байланыштуу көп чыгам. Мага апамдын батасы, балдарымдын жеткен жетишкендиктери өзгөчө кубаныч тартуулайт. Анан дагы ден соолук, чыгармачылыгымдагы жаңы обондор, шакирттерди көп тарбиялап жатканым сүйүнтөт. Ошондой, айта берсең көп, ар бир күнүмө ыраазымын.

- Сиздин ар жылы концертиңиз кызыктуу өтөт. Бүгүн кандай өзгөчөлүктөргө күбө боло алабыз?

- Чыгармачыл инсандар изденебиз да, элге кызыктуу концерт тартуулагыбыз келет. Бул жолкусунда мен көбүнчө жаңы таланттарга басым жасадым. Белгилүү ырчылар эмес, жаңы чыгып келе жаткан шакирттерим сахнада ырдайт. Баары 100 пайыз жандуу үн менен өтөт. Аспаптар менен коштолот. Өзүмдүн режиссёрлук жагымды колдонуп кызыктуу жасаганга аракет кылдым. Ошондой эле жаңы обондорумду тартуулайм. Ал менен бирге эле эл сүйгөн, элге сиңип калган ырларымды дагы ырдайм. Ар бир концертте өзгөчө сезимдер болот.

- Маегиңизге чоң рахмат, концертиңизди жакшы өткөрүп алыңыз!

Сыймык Бейшекеев 1974-жылы 9-сентябрда Токтогул районуна караштуу Бала-Чычкан айылында төрөлгөн. 11 бир туугандын экинчиси. Атасы Токтогул Бейшекеев совет убагында айдоочу, апасы Фанара Тиленбаева мугалим болгон.

Чыгармачылыгында "Көлдүк кыз", "Күзгү нөшөр", "Шириним", "Сары кыз", "Энеке", "Сүйүү, сүйүү", "Саманчынын жолу" аттуу ырлары менен элге таанылган. Өнөр чөйрөсүндө жаштар менен тажрыйбасын бөлүшүп, шакирттерин тарбиялап келет.

Сыймык Бейшекеевдин жубайы Нурзада айым. Ал дагы Токтогулдан болот, экөөнүн 4 баласы бар. Азамат, Каныкей, Кадырлуу жана Назэрке кызы.

Сыймык Бейшекеев элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчылардын бири. Ал өзүнүн жөнөкөйлүгү жана маанилүү, маңыздуу ырлары менен бир гана кыргыз элине эмес, чет элге да таанымал. Бейшекеевди дайыма эл колдоп, чоң ата, чоң энелер ак батасын берип келишет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: