super.kg logo

Жубайына тийишип... "Вефа" соода борборунда мушташкан жарандар кармалышты (видео)

 

Бишкекте бейбаштыкка шектелип 21 жаштагы 2 жигит жана 24, 33 жаштагы жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-сентябрда милицияга кайрылган жаран ошол эле күнү болжол менен саат 16:00 чамасында "Вефа" соода борборунда белгисиз адамдар денесине залал келтиргенин айткан.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.

Буга чейин социалдык тармактарда аталган соода борборунда 4 жигит бир адамды сабаган делген видео тараган. Анда токмокко алынган жаран жубайына болушканы айтылат.

Жубайы да өз баракчасы аркылуу окуя боюнча пост жазып, анда ал жигиттер ага тийишкенин, андыктан күйөөсү алардан кечирим суроону талап кылганын билдирген. Бирок жигиттер орой мамиле кылып, анын күйөөсүн сабай башташкан. Башка жарандардын кийлигишүүсү менен алар качып кетишкен.






Бишкектеги Вефа соода борборунда бейбаштык кылгандар кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: