Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Дүйнө чемпиондугунан четтеп калды

Англиянын Ливерпуль шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда кечээ, 8-сентябрда Париж Олимпиадасынын финалисти Мунарбек Сейитбек уулу англиялык боксчуга жеңилип калды.
Маалыматка ылайык, Мунарбек Сейитбек уулу беттештерди жеңиш менен баштаган. Париж олимпиадасынын финалисти 60 килограмм салмакта күч сынашып, 1/16 финалдан баштады. Анын алгачкы атаандашы Албаниянын өкүлү болуп, аны кыргызстандык 4:1 эсебинде жеңип, 1/8 финалга чыккан. Андан соң, Мунарбектин кийинки атаандашы англиялык Уильям Хьюитт болуп, 2:3 эсебинде жеңип койгон.
Эске салсак, бул турнирге кыргызстандан дагы башка спортчулар катышууда. Бүгүн, 9-сентябрда Алмаз Орозбеков (65 килограммга чейин) чейрек финалга чыгуу үчүн кубалык Олимпиада чемпиону менен беттешет.

