Бишкекте сойкулук менен алектенген 36 кыз аныкталды (видео)






Бишкек милициясынын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан сойкуканаларды уюштуруу жана интимдик кызмат көрсөткөн фактыларды аныктоо максатында "Притон" аталышындагы алдын алуу иш-чарасы жүгүзүлдү. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Иш-чаранын алкагында, шаарда жайгашкан сауналар, мейманканалар текшерүүдөн өткөрүлдү. Жыйынтыгында интимдик кызмат көрсөткөн 36 кыз аныкталып, райондук ички иштер башкармалыктарына жеткирилди. Алар менен тиешелүү түшүндүрүү жана профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, "Сойкулук менен алектенүү" беренесине ылайык административдик протоколдор түзүлдү.
Милиция коомдук тартипти жана коомчулукта моралдык нормаларды бузган, анын ичинде сойкулук менен алектенгендерди аныктоо боюнча иш-чаралар уланарын эскертип, мындай жагдайды билген жарандарды 102 кызматына кайрылууга чакырды.
Бишкекте сойкулук менен алектен 36 кыз аныкталды
