super.kg logo

Ак илбирсти өлкөнүн символу катары таануу токтому коомдук талкууга коюлду

 

“Ак илбирстин статусун Кыргызстандын улуттук символу деп таануу жөнүндө” токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ “Коомдук талкуулар” бирдиктүү порталында 20-сентябрга чейин турат.

Долбоор Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан иштелип чыкты.

"Бул долбоор Кыргызстандын улуттук жаратылышынын жана маданиятынын символу катары ак илбирстин статусун белгилөө, жаныбарлардын сейрек кездешүүчү жана жок болуп бара жаткан түрлөрүн, анын ичинде ак илбирсти коргоо боюнча иштерди бекемдөө жана мамлекеттик деңгээлдеги экологиялык программаларды колдоо, дүйнөлүк платформада жаратылышты жана экосистемдерди коргоо жаатында өлкөнүн аброюн жогорулатуу жана өлкөнүн жаратылыш мурастарына көңүл буруу үчүн ак илбирстин статусун туристтик жана маданий бренд катары пайдалануу максатында иштелип чыккан",- деп белгиленген документте.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: