Министрдин Нарында айтканы талкууда... Транспорт министрлиги ага түшүндүрмө берди
Социалдык тармактарда транспорт министри Абсатар Сыргабаевдин Нарын шаарындагы Шералиев көчөсүнүн жолун оңдогон "Бета Групп" компаниясы тууралуу айтканы талкуу жаратууда.
Кечээ, 8-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаровго Нарынга болгон иш сапарында министр "Бета Групп" жергилктүү компания экенин айткан. Буга коомчулук нааразы болуп, министрди президентке туура эмес маалымат берүүдө деп айыпташууда.
Анын алдында өлкө башчы жергиликтүү компаниялар жол сала албаганынан Ош облусунан алып келип жатышканын билдирген.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы Сыргабаевдин жергиликтүү компания деген сөзү коомчулукта туура эмес кабыл алынганын белгиледи. Министрлик жергиликтүү деген атамекендик, тагыраагы, кыргызстандык деген маанини берерин билдирди.
Министр өлкө башчынын "нарындыктар жасап жатышты беле?" деген суроосуна "жергиликтүү компания" деп жооп берген болчу.
Айта кетсек, коомчулукта Шералиев көчөсүнүн сапаты боюнча нааразычылыктар айтылган. Мындан улам "Бета Групп" компаниясынын мүлктөрү камакка алынып, компаниянын аткаруучу директору Мирлан Амантуров кармалган.
Министрдин Нарында айтканы талкууда... Транспорт министрлиги ага түшүндүрмө берди
