Мурдагы өкмөт башчы Жалал-Абад шаары Манас аталса, ал жакка Жогорку Кеңешти көчүрүүнү сунуштады
Мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөрткөндөн кийин Жогорку Кеңешти ошол жакка көчүрүүнү сунуштады.
Ал буга Манас деген аталыш берилген соң калаанын макамын бекемдөө керек деген жүйө келтирди. Ал Манас аталган соң башка шаарлардан айырмаланып, маанилүүлүгү артышы керек деген пикирде.
"Ошондуктан аталышын өзгөртүү үчүн сөзсүз түрдө шаардын статусун жогорулатууга жана башка шаарлардан айырмалоого багытталган айрым чараларды көрүү керек. Бул кандай чаралар болушу мүмкүн? Мен Нидерландды мисал кылам. Ал мамлекеттин борбору Амстердам, бирок Гаага өкмөттүн, парламенттин жана монархтын жайгашкан жери болуп саналат. Же Түштүк Африкада үч баш калаа бар: Претория (административдик), Кейптаун (мыйзам чыгаруу), Блумфонтейн (соттук).
Манас шаарына административдик баш калаа статусун берип, Жогорку Кеңешти ошол жакка көчүрүп койсок кандай болот? Айрыкча жакында мөөнөтүнөн мурда шайлоо болоруна ишенем. Ошондой эле түштүккө айрым министрликтерди, мекемелерди жана ири мамлекеттик корпорацияларды көчүрүүгө болот. Ошол эле учурда Бишкектин жүгүн да бир аз жеңилдетмек",- деп жазды ал Facebook баракчасына.
Айта кетсек, бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, үч окууда жактырылды.
