Жалал-Абад шаарын борбор кылуу боюнча мэр үн катты

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков калаанын атын өзгөртүү элдин талабы экенин билдирип, 3-сентябрда шаардык кеңешке алып чыккан. Бул сунуш Жогорку Кеңештин комитеттеринде каралып, эл өкүлдөрү колдоп жатышат.
Сунуш азырынча толук ишке аша элек. Алдыда Жогорку Кеңештин жыйынындагы добуш берүү, коомдук талкуу жана президенттин кол коюусу турат.
Коомчулук ар кандай пикир жаратып, колдогондор да, сын көз караштарды билдиргендер да болууда. Бул арада өлкөнүн борбору көчүрүлөт деген сөздөр да чыкты.
Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков бул боюнча үн катты.
"Эгер борбор биздин Жалал-Абад шаарыбызга жылып калса эмнеси жаман? Албетте, жакшы нерсе, биз ага үмүттөнөбүз. Бирок мен андай чечимди уга элекмин. Эгер чечим чыгып, борбор калаа көчө турган болсо биздин шаарыбыз талаптарга толук жооп берет деп айта алам",- деп билдирди мэр.
