super.kg logo

Июндан сентябрга чейин айрым жашылчалардын баасы төмөндөдү

 

Айыл чарба министрлиги азык-түлүк продукттарынын бааларына салыштырмалуу мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын башынан тартып ун, күрүч, кумшекер жана жумуртка сыяктуу социалдык маанилүү товарлардын баалары төмөндөп, калктын азык-түлүккө жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга шарт түзүлгөн.

Июнь айынан сентябрь айына чейин негизги мезгилдик жашылчалар — сабиз, картошка жана пияздын бааларынын төмөндөгөнү байкалган. Баалардын арзандашы базарда жашылча жана бакча өсүмдүктөрүнүн көбөйүшү менен байланыштуу.

Ошондой эле жылдын биринчи жарымында этке болгон баанын көтөрүлүшү байкалган. Мамлекеттик жөнгө салуу жана чектөө чаралардын натыйжасында баанын өсүшү токтотулуп, учурда эт рыногу туруктуу абалда.

2025-жылдын 8-сентябрындагы ири соода түйүндөрүндөгү баалар боюнча кыскача маалымат:

  • Сабиз — 37,5 сом
  • Пияз — 32 сом
  • Картошка — 42 сом
  • Өсүмдүк майы — 144 сом
  • Пастерленген сүт — 92 сом
  • Жумуртка (10 даана) — 85 сом
  • Кумшекер — 72,9 сом
  • Капуста — 23,5 сом





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: