super.kg logo

Жалал-Абадда жоокерди сабаган ефрейтор камакка алынды 

 

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы 5-кайтаруу батальонунун кароол башчысынын жардамчысы, ефрейтор Т.у.Н. катардагы жоокерди токмокко алууга шектелип камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 388-беренеси (Бири-бирине баш ийүүчүлүк мамилеси болбогон аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголгон. Ал Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Көзөмөл органы ошондой эле Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан Чек ара кызматына таандык бир аскер бөлүгүндө катардагы жоокерлерге карата кыйноо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары бөлүмчө командири, прапорщик А.Б. камакка алынганын кошумчалады. Учурда бул кылмыш иштери боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Буга чейин Акыйкатчы институту Жалал-Абадда аскердик милдетин өтөп жаткан 19 жаштагы жигит ур-токмокко алыганын кабарлаган. Окуя 2-сентябрга караган түнү болжол менен 03:30 чамасында ефрейтор Т.у.Н. менен ошол күнү күзөттө турган катардагы жоокер А.А.нын ортосунда болгон. Ефрейтордун канынан алкоголь табылса, катардагы жоокерден жеңил дене жаракаты аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: