super.kg logo

Табият алдында адамдын алсыздыгын эстеткен Помпейге сапар (блог)

 

Порталыбыздын #Sayakattime рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Италиянын түштүгүндөгү Неаполь шаарына болгон сапарым жөнүндө баяндап бермекчимин. Калаа жандуулугу, байыркы имараттары жана тарыхый руху менен өзгөчө. Бул жерге келгенимде, эң чоң кыялымдын бири — Везувий жанар тоосунун түбүндө жайгашкан легендарлуу Помпей шаарына баруу болчу.

Неаполь мага тар көчөлөрү, жандуу базарлары жана өзгөчө жашоо образы менен дароо таасир этти. Ар бир бурчунда тарых, ар бир кадамында италиялыктардын кайталангыс жашоо образы көрүнүп турду. Шаарды кыдырып жүрүп, "Маргарита" пиццасынын дал ушул жерде жаралганын сезүү өзүнчө кызык болду. Жергиликтүү даамдардан ооз тийүү бул сапарды унутулгус кылды.

Помпейге Неаполдон автобус менен жөнөдүм. Жолдо баратып Везувий жанар тоосунун сүрдүү көрүнүшү алыстан эле көзгө урунду. Автобус терезесинен тоонун көлөкөсү түшүп турган талааларды көргөндө жүрөгүмдө толкундануу пайда болду. Бул тоо миңдеген жылдар мурун Помпей шаарын жана дагы 2-3 калааны толугу менен жок кылганын ойлогондо дене боюм дүркүрөдү.

Эски шаарга жеткенде болсо байыркы таш көчөлөрдөн басып өтүп, кылымдар мурунку адамдардын издери сакталганына күбө болуу таң калычтуу болду. Театрлар, мончолор, үйлөр, дубалдардагы фрескалар — баары тарыхты тирүүлөй көрсөтүп тургандай. Ушунчалык чоң шаар күл астында калып, убакытка тоңуп калганын көрүү — бир эле учурда коркунучтуу да, суктандырарлык да.

Калаанын тарыхына кыскача токтоло кетейин:

Помпейде биздин замандын 79-жылы Везувий жанар тоосу атылып, шаар бир нече сааттын ичинде жок болгон. Эң таң калычтуусу — ал заматта эмес, болжол менен 18 саатка созулган апаат болгон экен. Жанар тоодон чыккан күл, таш жана ысык лава шаардын үстүн толук жаап, адамдарды, үйлөрдү, көчөлөрдү ошол абалында тоңдурган. Ушундан улам Помпей тарых үчүн тирүү музей болуп сакталып калган.


Шаардын урандылары 1748-жылы гана археологиялык казуулар убагында табылган. Ошондон бери Помпей дүйнөдөгү эң чоң жана баалуу археологиялык эстеликтердин бири болуп калды.

Шаардын таш көчөлөрүн бойлой басып, байыркы тургундардын жашоосу көз алдыма тартылды. Калаа урандыларынын арасынан байкагандарым:

Вилла жана бассейндери

Байлар жашаган чоң үйлөрдүн айрымдарында кооз мозаикалар жана ички бакчалар менен бирге бассейндер сакталып калганын көрдүм. Ошол виллалардын дубалдарынан азыркыга чейин байыркы адамдардын жашоо стилин сезүүгө болот экен. Анткени ар түрдүү сүрөттөр, фрескалар тартылган.

Жөнөкөй үйлөр

Элдин көпчүлүгү жашаган чакан үйлөр тар көчөлөрдүн боюнда жайгашкан. Бул үйлөр шаардын социалдык теңсиздигин даана көрсөтүп турат. Андай үйлөрдүн түзүлүшү жөнөкөй: бир же эки чакан бөлмө, меш, дубалдары жөнөкөй.

Маркет (базар)

Байыркы соода жайы азыр да көрүнүп турат. Мында шарап, нан жана мөмө-жемиш сатылган. Кээ бир идиштердин калдыктары да бүгүнкү күнгө чейин сакталган. Шаардын базарында соода кылып жаткан адамдарды элестетип, дүкөндөрдөгү буюмдарды караганда, алардын тынч жана күнүмдүк жашоосу бир заматта токтоп калганын сездим.

Спа жана мончолор

Шаарда жарандар эс алып, тазаланган коомдук мончо комплекстери болгон. Алардын дубалдарындагы кооз фрескалар азыр да таң калтырат. Кызыгы, спалардын ичи азыркы заманбап спалардан айырмасы жок.

Фрескалар жана сүрөттөр

Көптөгөн дубалдарда мифологиялык каармандарды, жаратылыш көрүнүштөрүн чагылдырган сүрөттөр сакталып калган. Ушул фрескалардын айрымдары ушунчалык жакшы сакталган, жаңы эле тартылгандай сезилет.

Музейде калаа тургундарынын акыркы мүнөттөрүндөгү элестери, абалдары толугу менен сакталып калганын көрдүм. Кээ бири качып бараткан, айрымдары бетин жаап, тизелерин бүккөн абалда сөлөкөттөрү таш болуп калыптыр. Алардын арасында жаш балдар да бар. Коштоп жүргөн гид жанар тоо атылганда тургундардын үстүнө ысык лавалар жамгыр болуп жаап, адамдардын сөлөкөттөрү түбөлүккө сакталып калганын айтып берди. Кийин археологдор тапканда сөөк чирип, сырты таш, ичи боштук болуп калганын байкашкан. Боштукка гипс куюп, сактап коюшкан экен. Музейден чыкканча дене боюм дүркүрөп, жүрөгүм ооруп, жашып да алдым.

Помпей шаары мага чоң таасир калтырды. Ал жерде басып жүрүп, адамдардын күнүмдүк жашоосу менен бирге акыркы күндөрүн да элестетип алдым. Табияттын күчү бир заматта шаарды жок кылганы менен, ошол эле учурда аны тарых үчүн түбөлүккө сактап койгондой.

Бул сапарым мага табият алдында адамдын алсыз экенин эстетти. Ошол эле учурда биздин жашообуз күтүүсүз учурда, жадакалса көз ирмемде өзгөрүп кетерине дагы бир жолу ынандым.






Помпей шаары

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: