Бишкекте коомдук транспорт айдоочуларына айдоо маданияты боюнча кеңешме өттү (фото)




Бишкек шаарында Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) коомдук транспорт айдоочулары үчүн ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Кеңешмеге ЖКККББнын башчысы Жеңишбек Жоробеков, Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров, “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров, транспорт башкармалыктарынын жетекчилери жана айдоочулар катышты.
Жыйында эрежени бузган айдоочулардын видеоматериалдары көрсөтүлүп, мындай учурларды кайталабоо боюнча эскертүүлөр берилди. Айдоочуларга жүргүнчү ташуу учурунда уюлдук телефон колдонбоо жана жүргүнчүлөрдү аялдамалардан тышкары жерлерден түшүрбөө талаптары эскертилип, айдоо маданиятын сактоо зарылдыгы белгиленди.
Кеңешменин соңунда ЖКККББнын башчысы Жеңишбек Жоробеков коомдук транспорт тармагында эмгектенип жаткан мекеме жетекчилерине, механиктерге, диспетчерлерге жана наркологдорго Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды тапшырды.
