Агартуу министри мектеп эмеректеринин даярдалышын көрүп чыкты (фото)






Бүгүн, 9-сентябрда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева мугалимдерге жана окуучуларга арналган мектеп эмеректеринин даярдалышы менен жеринен таанышты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Мектеп эмеректери балдардын жаш курагына жараша башталгыч класстар үчүн, ортоңку класстар үчүн жана жогорку класстар үчүн болуп, өзүнчө жасалууда.
Бир комплектте мугалим үчүн стол жана отургуч, шкаф, 12 парта, 24 отургуч, 7 кийим илүүчү шкаф жана класстык такта бар.
Министр эмеректердин сапатына өзгөчө көңүл буруп, өндүрүш процессин ылдамдатууну тапшырды. Белгилей кетсек, ушул жылдын 15-октябрына чейин өлкө боюнча 125 мектепке 288 комплект эмерек жеткирилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:27
2025-09-09
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.